Бишкек, 05.12.24. /Кабар/. Кыргызстандын делегациясы Кореянын бизнес-коомчулугу менен жолугушууларды өткөрдү.
Экономика жана коммерция министрлигинен маалымдашкандай, жолугушуу президент Садыр Жапаровдун Кореяга болгон расмий сапарынын алкагында орун алып, анда министр Данияр Амангелдиев эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгын чыңдоого багытталган бир катар меморандумдарга кол койду:
- Экономика жана коммерция министрлиги менен Sejin G&E Co. Ltd компаниясынын ортосунда “Ош шаарындагы санитардык таштанды полигонунда таштанды газынын негизинде электр станциясын куруу жана көмүртек чыгындыларын азайтуу” инвестициялык долбоорун ишке ашыруу боюнча өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;
- Экономика жана коммерция министрлиги менен Blue Networks Co., Ltd компаниясынын ортосунда электрозаряддык станцияларды куруу тармагында кызматташуу боюнча меморандум;
- Экономика жана коммерция менен ECOVICE Origin жана SUNJIN Engineering&Architecture компанияларынын консорциумунун ортосунда логистикалык борборлорду куруу тармагында өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;
- Экономика жана коммерция министрлиги менен Elec-Cube Co., Ltd компаниясынын ортосунда мейманканаларды куруу тармагында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;
- Экономика жана коммерция менен Silicon2 Co., Ltd компаниясынын ортосунда косметикалык продуктуларды өндүрүүчү заводдорду куруу боюнча өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;
- Экономика жана коммерция министрлиги менен Wookyung Construction Co., Ltd компаниясынын ортосунда жол куруу жана тоо-кен иштетүү тармагында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;
- Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Кыргыз Экспорт” экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору» мамлекеттик мекемеси менен Корей соода жана инвестицияларды илгерилетүү агенттигинин (KOTRA) ортосунда кызматташуу боюнча меморандум;
- Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Кыргыз Экспорт” экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору» мамлекеттик мекемеси менен Корей импортерлор ассоциациясынын (KOIMA) ортосунда кызматташуу боюнча меморандум;
- Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Кыргыз Экспорт” экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору” мамлекеттик мекемеси менен Корей эл аралык соода ассоциациясынын (KITA) ортосунда кызматташуу боюнча меморандум.
Бул документтердин ишке ашырылышы Кыргызстандын экономикасына оң таасирин тийгизет. Алар Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы экономикалык мамилелерди жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары чыңдоо жана өнүктүрүү үчүн өбөлгө түзөт.
Пикир
Оставить комментарий