• 85.5
  • 93.28
  • 0.89

Кореялык компания Ош мэриясына таштандыдан биогаз жана электр энергиясын өндүрүү долбоорун сунуштады

Аймак 0

Бишкек, 15.10.24. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Түштүк Кореянын SEJIN G&E CO., LTD башкармалыгынын өкүлү Ли Кын Ёнду кабыл алды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушууда коноктор Ош шаарындагы таштанды полигонунда органикалык заттардан биогазды, электр энергиясын өндүрүү долбоорун сунушташты.

Мэр Бакытбек Жетигенов Ош шаарынын мэриясы тарабынан шаардын өнүгүүсүнө багытталган долбоорлорго колдоо көрсөтүлүп келгендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий