• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Кореялык офтальмологдор Жайыл районунун 97 тургунуна бекер операция жасашты

Ден соолук 0

Бишкек, 04.10.24. /Кабар/. Чүй облусунун Жайыл районунда 30-сентябрдан 4-октябрга чейин Vision Eye Camp Kyrgyzstan компаниясы тарабынан уюштурулган медициналык кайрымдуулук акциясы болуп өттү.

КР Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, кайрымдуулук иш-чарасынын алкагында Түштүк Кореядан текшерүүлөрдү жана операцияларды жүргүзүү үчүн 22 адис, анын ичинде үч офтальмолог-хирург келген.

Акциянын негизги максаты Чүй облусунун Жайыл районунун жана ага жакын аймактардын тургундарына офтальмология тармагында медициналык жардам көрсөтүү болду.

Адистер 600 бейтапты текшерип, анын ичинен 97 бейтапка катарактага операция жасоо чечимин кабыл алышкан. Ошондой эле акциянын алкагында бейтаптарга 500гө жакын көз айнек жана тамчылаткычтар бекер таратылды.

Пикир

Оставить комментарий