Бишкек, 03.12.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-декабрда Түштүк Кореяга жасаган расмий сапарынын алкагында Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын спикери У Вон Шик менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Тараптар саясий, экономикалык жана маданий тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө, парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Өз кезегинде У Вон Шик акыркы жылдарда Кыргызстанда коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан саясатты жана реформаларды колдоого алды.
Пикир
Оставить комментарий