Коргоо министри Москвада "Армия-2023" эл аралык форумуна катышты

Коом 0

Бишкек, 16.08.23. /Кабар/. Коргоо министри Бактыбек Бекболотов Россиянын коргоо министри Сергей Шойгунун чакыруусу менен 14-16-августта Москва шаарында тп жаткан Эл аралык коопсуздук боюнча 11-Москва конференциясына жана "Армия-2023" эл аралык аскердик-техникалык форумга катышты.

КР Коргоо министрлигинен билдиришкендей, аскердик-техникалык форумдун алкагында кыргыз делегациясы "Армия-2023" форумунда көрсөтүлгөн Россиянын жана башка бир катар өлкөлөрдүн жаңы аскердик-өнөр жай комплекстери таанышты.

Эл аралык коопсуздук боюнча Москва конференциясынын жүрүшүндө республиканын коргоо ведомствосунун башчысы глобалдык коопсуздуктун актуалдуу маселелери каралган пленардуу жолугушууларга катышты.

Ошону менен бирге Москва конференциясынын алкагында Бекболотов РФ коргоо министринин орун басары А.Фомин менен жолугушту. Тараптар аскердик жана аскердик-техникалык чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий