Бишкек, 10.10.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев аскер бөлүктөрүнүн биринин аймагында жайгашкан КР Коргоо министрлигинин Курал-жарак жана аскердик техникасын оңдоо боюнча борбордук базасынын ачылыш аземине катышты.
Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага Россия Федерациясынын коргоо ведомствосунун өкүлдөрү да катышты.
Борбордук ремонттук базанын аймагында штаттык курал-жарактарды жана аскердик техниканы комплекстүү тейлөөнүн жана оңдоонун бардык түрлөрү жүргүзүлөт.
Белгилей кетсек, 2022-жылдын башында Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын Коргоо министрликтеринин ортосундагы эл аралык аскердик кызматташтыктын алкагында аскердик-техникалык жардам көрсөтүү жаатындагы келишимге кошумча макулдашууга кол коюлган. Документке ылайык, россиялык тараптан чатыр-мобилдик баш калкалоочу жай – курал-жарактарды жана аскердик техниканы көмөкчү жабдыктары менен кошо техникалык тейлөө жана оңдоо пунктун жеткирүү, орнотуу жана жабдуу түрүндө жардам көрсөтүлгөн.
Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Бакыт Төрөбаев россиялык тарапка аскердик-техникалык жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, эки мамлекеттин ортосундагы аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыкты мындан ары чыңдоо жана өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Пикир
Оставить комментарий