Бишкек, 23.04.20. /Кабар/. Бүгүнкү күндө коронавирус жуктурган 5 бейтап реанимация бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, учурда ооруканаларда 321 бейтап жатат. “Алардын ичинен 11 адамдын абалы оор болуп, анын бешөө реанимация бөлүмүнө жайгаштырылган. Ал эми 47 бейтаптын абалы орточо оор, 263 бейтаптын абалы канааттандырарлык деп бааланууда", - деди ал.
Башкы санитардык дарыгер баса белгилегендей, бүгүнкү күнгө карата 302 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканалардан чыгарылды.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 23-апрелге карата коронавирус жуктурган 19 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 631ге жетет. Алардын ичинен 302 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.
Пикир
Оставить комментарий