Коронавирус жуккан балдардын абалы канааттандырарлык - Акматова

COVID - 19 0

Бишкек, 25.03.20. /Кабар/. Коронавирус жуккан балдардын абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу бүгүн Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, коронавирус жуктуруп алган эки жаш бала жана бир өспүрүм бар. “Алардын жаш курактарын тактай кетсек – 1, 6 жана 14 жашта. Алардын абалы канааттандырарлык”,- деп кошумчалады ал.

“Ошондой эле бардык коронавирус жуктурган жарандардын абалына токтоло кетсек, жандандыруу бөлүмүндө жаткан эркек кишиден башкасынын абалы канааттандырарлык. Жандандыруу бөлүмүндө жаткан адамдын абалы - туруктуу оор”,- деп билдирди Акматова

Бүгүн белгилүү болгондой, учурда дагы коронавирус жуктурган 2 жаңы учур катталган. Алар эркек кишилер. Бирөө Дубайдан учуп келсе, экинчиси коронавирус жуктурган адам менен байланышта болгон. Алар - бирөөсү Чүй облусунун, ал эми экинчиси Бишкек шаарынын тургундары.

Ал эми кечээ, 24-мартта, Кыргызстанда дагы 26 адамда коронавирус аныкталганы айтылган. Алардын арасында жаш балдар да бар.

Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 44кө жетти. Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 17 адам, Ала-Букада – 2, Ноокат району – 11, Кара-Сууда – 8, Ош шаарында – 1 жана Бишкек шаарында – 3, Чүй облусу - 1 адам.

2020-жылдын 25-мартынан тарта 15-апрелине чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий