Бишкек, 18.03.20. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев коронавирус жуктурган үч кыргыз жарандын жаш курагын айтты.
Анын айтымында, Сузак районунун үч жараны 12-мартта Сауд Арабиядан учуп келген.
"Коронавирус жуктургандардын бирөө 70 жашта, калган экөө 1958 жана 1974-жылкы адамдар. Эртең мененки абалы боюнча айтсак канааттандырарлык. Тиешелүү дарылануудан өтүп жатат", - дейт ал.
Пикир
Оставить комментарий