• 87.91
  • 95.39
  • 0.99

Коронавирус жуктургандар менен дээрлик 18 миң жаран байланышта болгон – Каратаев

COVID - 19 0

Бишкек, 27.06.20. /Кабар/. Коронавирус жуктургандар менен 17 миң 929 жаран байланышта болгон. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал.

Белгилей кетсек, 27-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 4513 учур катталды. Илдеттен 2212 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 43 адам (+ 3 учур бүгүн катталды каза болду.

Пикир

Оставить комментарий