• 84.92
  • 94.05
  • 0.93

Коронавирус жуктуруп алган №17 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун 4 медкызматкери ооруканага жаткырылды

COVID - 19 0

Бишкек, 17.04.20. /Кабар/. Коронавирус жуктуруп алган Бишкек шаарындагы №17 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун 4 медкызматкери ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, бүгүн республика боюнча COVID-19 инфекциясы менен 23 жаӊы учур катталып, анын ичинде Бишкек шаарындагы №17 Үй-бүлөлүк медициналык борборунун (ҮМБ) төрт кызматкеринде вирус тастыкталган.

"Учурда бардык жарандар Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылды. Буга байланыштуу, Үй-бүлөлүк медициналык борбордо дезинфекциялык иш-чаралар жүргүзүлөт. Дезинфекциялык иш-чаралар аяктаганга чейин, №17 ҮМБда каттоодо турган жарандар Ленин районунун бириктирилген ҮМБсына кайрыла алышат", - деп маалымдашты штабдан.

Пикир

Оставить комментарий