• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Коронавирус жуктуруп алган медицина кызматкерлери тууралуу маалымат жашырылбайт – Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 11.05.20. /Кабар/. Коронавирус жуктуруп алган медицина кызматкерлери тууралуу маалымат жашырылбайт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Маалымат жыйында ага "коронавирус жуктурган медицина кызматкерлери тууралуу маалымат жашырылып жатат деп айтылууда. Коронавирус жуктуруп алган медицина кызматкерлери тууралуу маалымат жашырылуудабы?" деген суроо узатылды.

"Башынан эле жаап-жашыруу дегенди колдонбойбуз. Жаап-жашыруунун эч кажети жок. Анткени ал жерде медицина кызматкерлери иштеп, кызматын өтөп жатат. Жаап-жашыруу негизи туура эмес дагы, ал жөнүндө маалымат тез эле чыгат. Андай маалыматты катып, жашырып коюунун кажети жок. Күмөн болгон, тастыкталган учурларды айтып жатабыз. Аларды стационардык шартта дарылоо керек. Үйдө дарылоо кейиштүү учурга алып келерин дарыгерлер да билишет", - деди ал.

Белгилей кетсек, өлкөдө 235 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган. Анын ичинен 180 кызматкер айыгып чыккан.

Кыргызстанда 11-майга карата коронавирус жуктурган 14 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1016ны түзөт. Алардын ичинен 688 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий