• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн министрдин абалы айтылды

COVID - 19 0

Бишкек, 30.03.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда коронавируска каршы алгачкылардан болуп эмделген саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин абалы айтылды.

Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда Алымкадыр Бейшеналиев кечээ, 29-мартта SinoPfarm вакцинасын алганын айтты.

“Анын абалы канааттандырарлык. Ошондой эле вакцина алган жарандардын абалы да канааттандырарлык”, - дейт Акматова.

Эскерте кетсек, Кытайдан келген SinoPfarm вакцинасынын биринчи дозасын алгачкылардан болуп шаардагы №7 Үй-бүлөлүк медицина борборунда саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев жана анын орун басарлары алган.

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлигинин республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова эмдөө кандай тартипти жүрөрүн айтып берген.

Пикир

Оставить комментарий