• 87
  • 90.41
  • 0.84

Коронавирустан улам Тажикстандын туризм тармагы чыгашага учуроодо

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 21.10.20. /Кабар/. Коронавирустан улам Тажикстандын туризм тармагы чыгашага учурап жатат. Быйыл тогуз айдын ичинде өлкөгө 355 миң чет өлкөлүк турист келген. Бул 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 62% аз.

Туристтердин аздыгына байланыштуу Душанбедеги мейманкалардын көбү жабылып, калгандары бош калууда.

«Марттан бери биздин мейманканада бир да чет өлкөлүк турист болгон жок. Кызматкерлердин көбү акы төлөнбөгөн эмгек өргүүсүнө жөнөтүлдү. Көрүп турганыңардай азыр мейманкана бош», — деди баш калаадагы мейманканалардын биринин өкүлү.

Тажикстанда 200дөн ашык мейманкана, хостел, 44 санаторий жана бир нече туристтик база бар. Өкмөттүн алдындагы Туризмди өнүктүрүү комитетинин маалыматына караганда, 2019-жылы өлкөгө 1,3 миллиондон ашык чет өлкөлүк жаран кирсе, алардын миллиондон ашыгы турист катары келишкен.

Пандемиядан улам туристтик операторлор да чыгашага учурап, көбү убактылуу ишин токтотууга аргасыз болду.

«Азыр кызматкерлердин баары акы төлөнбөгөн эмгек өргүүсүндө. Мартта чек аралардын жабылышы менен буйрутмалар болбой калды. Андан бери бизге бир да турист кайрылган жок. Аргасыз компаниянын ишин убактылуу токтото туруу чечимин кабыл алдык. Кеңседе эч ким жок, качан жумуш башталат белгисиз», — деди Душанбедеги «Адрас Тур» туристтик компаниясынын башкы директору.

5-июнда Тажикстандын өкмөтү COVID-19га байланыштуу киргизилген чектөөлөрдүн социалдык-экономикалык тармактарга тийгизген таасирин азайтуу максатында ишкерликтин бир нече түрүнө, анын ичинде туристтик ишканаларга 1-апрелден 1-сентябрга чейин салык каникулун берүү жана өз убагында салык төлөбөгөндөргө кошумча төлөм чегербөө тууралуу токтом чыгарган.

Пикир

Оставить комментарий