• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Коррупция менен күрөшүү максатында ачылган эсепке алгачкы акча каражаты которулду

Коом 0

Бишкек, 11.07.18. /Кабар/. Коррупция менен күрөшүү максатында ачылган эсепке алгачкы ирет акча которулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматынан билдиришти.

“11-июлда УКМК КРнын өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-июнундагы №298 токтомун аткарып Финансы министрлигинин бирдиктүү депозиттик эсебине 95,9 миллион сом өлчөмүндөгү акча которду”, - деп айтылат маалыматта.

Аталган сумма УКМКнын коррупция мене күрөшүү боюнча ишмердүүлүгүнүн натыйжасында мамлекетке төлөнгөн.

Пикир

Оставить комментарий