• 85.8
  • 93.46
  • 0.87

Коррупцияга каршы күрөшүү - Кыргызстанда жасалчу иштердин эӊ артыкчылыктуу багыты - Жээнбеков

Президент 0

Бишкек,16.05.18./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында бүгүн, 17-майда Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Соттук реформа боюнча кеңештин биринчи жыйыны өтүп жатат. Мамлекет башчысы баяндама окуду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Төмөндө Мамлекет башчысынын сөзү толугу менен берилет:

«Урматтуу Соттук реформа боюнча кеңештин мүчөлөрү!

Урматтуу мекендештер!

Коомубуз талап кылган эӊ маанилүү реформалардын бири – соттук-укуктук реформасы. Бүгүн ушул актуалдуу маселени талкуулоо үчүн сиздерди чогулттум.

Мен эл менен жолукканда жарандарыбыздын укуктарын бузган, коррупцияга баткан, адилетсиз сотторго карата даттануулар айтылып жатат. Менин дарегиме келген кайрылуулардын 70 пайызында ушул эле көйгөйлүү маселе жазылып жатат.

Сот органдарын реформалоо - азыркы мезгилде кыргыз мамлекетинин эӊ негизги проблемасы болуп калды.

Акыркы жылдары көп иштер аткарылды. Мисалы, соттук-укуктук реформаны жөнгө салган негизги 17 кодекс жана бир нече мыйзамдар кабыл алынды. Сотторду тандоо боюнча кеңеши түзүлдү жана судьялык кадрлардын курамын жаңылоо жүрүп жатат.

Бирок, реформанын темпи коомчулук күткөнгө караганда кыйла жай жүрүп, тилекке каршы, сот системасын реформалоо кечеӊдеп жатат.

Калкыбыз таза, ачык-айкын жана көз карандысыз соттук системаны тезирээк орнотууну талап кылууда.

Ошондуктан соттук-укуктук реформаны ишке ашыруу жана коррупцияга каршы күрөшүү - Кыргызстанда жасалчу иштердин эӊ артыкчылыктуу багыты.

Сот реформасын тездетүү – өлкөбүз үчүн абдан маанилүү, ошондуктан бүгүнкү кеӊеш реформаларга жаӊы импульс бериш керек.

Биздин Кеңештин алкагында бул ишти күчөтүп, сот реформасын жүргүзүүдө мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын иш-аракеттеринин шайкештигин камсыз кылуу зарыл.

Жаӊы кодекстер менен мыйзамдар 2019-жылы ишке киргизилиш керек. Убакыт аз калды. Жасала турган иштер абдан көп, ал эми аткарылгандары аз, ошондуктан жумушту абдан тездетүү зарыл.

Мен эӊ маанилүү деп эсептеген 8 маселени белгилеп кетейин.

Биринчиден, бардык күч-аракетти жумшап, кабыл алынган кодекстер менен мыйзамдарды колдонууга киргизүү – эӊ негизги милдетибиз. Мыйзамдардын жазык-укуктук блогуна өзгөчө көңүл буруу зарыл. Адамдардын укуктары бузулуп, негизги өзгөртүүлөрдү талап кылган блок - ушул.

Азыркы мезгилде кодекстерди колдонууга киргизүү кандай жүрүп жатканын карап чыктым. Процесс жай жүрүп, кодекстерди колдонууга киргизүү даярдыгы начар.

Мамлекеттик аткаруу органдары кодекстерди чечмелеп, бардык ченемдик жоболорду жазып, штаттарды эсептеп, аларды 2019-жылдын бюджетине киргизүүгө тийиш.

Өзгөчө белгилей турган жагдай - кылмыштардын, жосундардын, укук бузуулардын бирдиктүү реестри түзүлүп, тиешелүү адистер аны колдонгонду үйрөнүшү керек.

Башкы прокуратура бул ишти тездетип, бирдиктүү реестрди, 2019-жылдын 1-январынан баштап ишке киргизүүсү зарыл.

Кодекстерди аткара турган адамдарды масштабдуу түрдө окутуу керек болчу. Буга судьялар, прокурорлор, милиционерлер, адвокаттар, тергөөчүлөр, сот аткаруучулары, жаза аткаруунун кызматкерлери жана башкалар кирет. Алар кодекстерди жатка билип, реформанын логикасын бурмалабай, бузбай, түшүнүшү зарыл.

Ошондой эле кодекстерде көрсөтүлгөн бардык институттар жана механизмдер түзүлөт деп белгилегенбиз. Мисалы, Кыргызстанда мурда болбогон жаңы пробация институту түзүлүп, 2019-жылдын 1-январынан баштап иштей турган тергөөчү судьянын жаңы кызмат орду киргизилиши керек болчу.

Укук коргоо органдарында ведомстволук нускамалар иштелип чыгып, беттештирүү, сурак жүргүзүү үчүн жайлар жабдылышы зарыл эле.

Экинчи, сот органдарын санарипке өткөрүү узактан бери чечилбей жатат. Судьялар кабыл алган жана коомчулукка таанышуу үчүн соттордун сайтына чыгарылуучу чечимдер жана өкүмдөрдүн баары эмес, тандалып гана санарипке өткөрүлүп жатат. Ал эми бардык чечимдерди жана өкүмдөрдү санарипке өткөрүү маселеси болсо азыркыга чейин ишке аша элек.

Ошону менен катар соттук процессти аудио-видеого тартуу, соттук жыйналыштын электрондук протоколдорун киргизүү керек.

Үчүнчү, мыйзамдарды өркүндөтүү жаатындагы Өкмөттүн иши жай жүрүп, тынчсызданууга себеп болууда. Себеби кабыл алынган кодекстерден келип чыгуучу ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгуунун ордуна, жаңы кабыл алынган кодекстерге алардын концепциясын бузган оңдоолорду киргизүү сунушталууда. Бул бардык институттардын алты жылдык ишинин жыйынтыгын жокко чыгарышы мүмкүн!

Мен парламенттин депутаттарына да кайрылам. Биз сиздер менен бирге жакшы мыйзамдардын пакетин кабыл алдык. Эми аларды колдонууга киргизүүгө өзгөчө көңүл буруш керек. Анткени кодекстерди колдонууга киргизүүгө кедерги болчу себептер жаралып жатканын билем. Жаңы мыйзамдарга алардын баштапкы концепциясын бузган оңдоолор демилгеленип жатат. Азыр ушундай үч демилге бар. Ошондуктан кабыл алынган концепцияны сактап, аны ишке ашыруу өзгөчө маанилүү экенин баса белгилейм.

Төртүнчү, судьялык кадрлар жөнүндө. Сот органдарында судьялык кадр алмашуулар болду. Жүрүш-турушу кынтыксыз эмес деген судьялардын көп бөлүгү кетти. Бирок жаңы тандоо жүргөндөн кийин деле судьяларга карата жарандардын даттануулары азайган жок. Алар соттордун бардык деңгээлине тийиштүү.

Судьялык корпус үчүн кадрларды тандоодо эӊ негизги талап – бул абдан кылдат, сапаттуу, адилет тандоо болушу керек. Судьянын кызмат ордуна өмүр бою иштөө үчүн тандоо абдан күчтүү болуп, талапкердин кирешелери жана чыгашалары жөнүндө декларацияларын, ишинин сапатын, адеп-ахлактык абалын катуу текшерүү менен коштолушу керек. Анын негизинде кесипкөй, моралдык принциптери жогору болгон судьялык корпус түзүлүшү зарыл.

Судьяны такай окутуу – анын кесиптик жана инсандык өсүшүн камсыз кылган узак процесс катары каралууга тийиш.

Бешинчи, бюджет жөнүндө. Бардык реформа бекер болбойт, ал каражаттарды талап кылат, өзгөчө жазык жаатындагы реформада чыгымдар көп болот. Бюджеттен каражат бөлбөй туруп, бул реформаны жүргүзө албайбыз. Сырттан кимдир бирөө каражат берет деп күтпөш керек.

Биздин реформа үчүн негизги каржы булагы болуп республикалык бюджет эсептелет.

Тиешелүү мамлекеттик органдардын бюджеттеринде кодекстерди колдонууга киргизүүгө зарыл болгон каражаттар камтылышы зарыл. Бюджет менен соттук-укуктук реформа бирдей пландалып, каражаттар натыйжалуу колдонулууга тийиш.

Бул жерде донор уюмдардын өкүлдөрү катышып олтурасыздар. Сиздерге да кайрылам. Буга чейин сот реформасын даярдоого жакшы колдоо көрсөттүӊүздөр. Чоӊ рахмат. Өзгөчө Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасына, Наркотиктер жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгына, Адам укуктары боюнча Жогорку комиссардын башкармалыгына, “Сорос-Кыргызстан” фондуна, Евросоюзга, ОБСЕге ыраазычылык билдирем.

Сот-укуктук реформасын ишке ашыруу - биздин өлкө үчүн абдан керектүү реформа. Аны мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты катары баалайбыз. Урматтуу эл аралык өнөктөштөр, эми реформаларды ишке ашыруу үчүн да өз жардамыӊыздарды аябайсыздар деп ойлойм.

Судьяларды, прокурорлорду, Ички иштер министрлигинин кызматкерлерин, адвокаттарды окутуу борборлорунун бардык программасы жаңы кодекстер менен мыйзамдарга ылайыкталып, кайра каралып чыгышы керек.

Алтынчы, райондор аралык соттордун функцияларын жергиликтүү сотторго өткөрүп берүү маселесин карап чыгуу зарыл.

Сот адилеттигине жетиш үчүн адамдарга абдан ыңгайлуу шарттарды түзүү керек. Өзүнүн укугун коргош үчүн жарандарыбыз талашты чечкен сот органы алыс жайгашкандыгына байланыштуу кошумча чыгымга учурабашы керек (жол киреси, жатакана чыгымы).

Көпчүлүк, жер-жерлердеги жарандар ушуну талап кылышат. Мен дагы туура деп эсептейм.

Азыр экономикалык жана административдик талаштарды чечүү функциясы райондор аралык сотторго берилген. Бул соттор облустук борборлорунда жайгашкан.

Мисалы, коңшулаш жайгашкан жер участогун талашкан жарандар кыйла алыс жердеги райондор аралык сотторго барууга мажбур болууда.

Алсак, мындай талаш Балыкчы шаарында болсо, бул талашты чечүү үчүн Каракол шаарына барууга туура келет, ага чейинки аралык 200 километрден ашат. Ушундай эле маселени Нарын облусунун Жумгал районунун тургундары да айтышкан. Алар облустук борборго барыш үчүн 2 ашуудан өтүп, 240 км жол жүрүшөт.

Мындай талаштарды жеринде чечүү үчүн райондук соттордун судьялары жетиштүү билими жана квалификациясы болушу керек, себеби судьянын кызмат ордуна тандоодо бирдиктүү талаптар коюлат.

Ушуга байланыштуу, райондор аралык соттордун функцияларын жана штаттык бирдиктерин райондук сотторго өткөрүп берүүнү сунуштайм. Бул дароо эле ишке ашпайт, убакытты талап кылат. Бирок, бул процессти тездетүү зарыл. Маалымат катары: республика боюнча 8 райондор аралык соттор бар. Алардын штатында 27 судья эмгектенет.

Жетинчи, мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жазык ишин кыскартып, кылмышкерди жоопкерчиликтен куткаруу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу - ойлоно турган маселе.

Азыркы мыйзамдарга ылайык, кылмыш жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү өтүп кеткенде, кылмыш жасаган адамдын күнөөсүн аныктабастан эле соттор жазык ишин токтотот.

Анын айынан укук коргоо жана сот органдарынын кылмыштын бетин ачуу, күнөөлүү адамды издөө жана табуу боюнча бардык күч-аракети текке кетет. Күнөөлүү адамдын кылмышы аныкталбай эле, зыяндын ордун толтуруу маселеси чечилбей эле жазык иши соттук акты менен жокко чыгып калат.

Бул маселе кыйла кылдат иштеп чыгууну талап кылат. Себеби кылмыш жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү өтүп кетсе да күнөөлүү адамдын аракеттерине юридикалык баа берилип, алардын күнөөсү аныкталышы керек жана зыяндын ордун толтуруу маселеси милдеттүү түрдө чечилүүгө тийиш.

Сегизинчи, сот-укуктук реформасын ишке ашыруу боюнча координациянын жоктугу. Тилекке каршы, Өкмөттүн координация кылуу иштери сапаттуу болбой келди. Процесс системалуу жүрбөй жатат. Өкмөттүн бул багыттагы иштерин жаӊы деӊгээлге көтөрүү керек.

Кодекстерди жана мыйзамдарды колдонууга киргизүү үчүн аткаруу жана укук коргоо органдары, прокуратура, соттор, Ички иштер министрлиги, Жазаларды аткаруу кызматы, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы, Улуттук коопсуздук комитети, адвокатура, Жогорку окуу жайлары, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул процесске катышуусу керек. Макулдашылган иш-чаралардын комплексин жүргүзүү талап кылынат.

Сот реформасы боюнча Кеңеш формалдуу орган болбой, өзүн лидер катары көрсөтүш керек эле. Себеби анын курамына реформаны ишке ашырууга тийиш болгон бардык органдар киргизилген.

Жогорку сот кодекстерди колдонууга киргизүүнү координациялап, көзөмөлдөп, концепцияны сактап калышы керек эле.

Президенттин Аппараты реформаларды ылдамдатып, аны аягына чейин чыгарышы керек болчу. Бирок андай болбой, тиешелүү бөлүм бул процесстен өзүнөн-өзү четтеп кетти.

Ушул учурдан баштап биздин Кеңеш соттук реформа боюнча лидерлик орунду ээлеген улуттук аянтча болуусу зарыл.

Элдин сотко болгон ишеними артып, сот системасы туруктуу өнүгүүнүн жолуна түшүүсү абзел. Биз ушунун өтөөсүнө чыгышыбыз керек.

Урматтуу кеӊештин мүчөлөрү!

Бүгүн күн тартибине эки маселе коюлган.

Биринчиси - Сот адилеттигин жүргүзүүдөгү жаңы кабыл алынган процессттик жана башка ченемдерди ишке киргизүү боюнча Өкмөттүн чараларын ишке ашыруу. Баяндамачы - Кыргыз Республикасынын вице–премьер-министри Жеӊиш Парпиевич Разаков.

Экинчиси - 2018-2022-жылдары сот системасын өнүктүрүүнүн жаңы программасын иштеп чыгуу боюнча. Баяндамачы – Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрайымы Токбаева Айнаш Абдымановна.

Баарыӊыздарды активдүү талкууга чакырамын».

Пикир

Оставить комментарий