• 87
  • 91.29
  • 0.84

Кошумча наркка салык комиссиясы боюнча сот: Жактоочулар айыпталуучуларды актоону суранууда

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.07.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда кошумча наркка салык комиссиясы боюнча кезектеги отурум өтүүдө.

Сотто судья Эмиль Каипов төрагалык кылууда. Сот талаш сөзгө өткөн.

Прокурорлор айыпталуучуларды күнөлүү деп таап, аларды 15-20 жылга кесүүнү өтүнгөн.

Жактоочу салык кызматынын мурунку кызматкери Эсенгул Кенжебаевди актап, анын баш коргоо чарасын өзгөртүп, залдан кое берүүнү өтүнгөн.

Айыпталуучунун өзүнүн айтуусу боюнча, ал анын мойнуна жүктөлгөн баардык милдеттерди так жана мыйзам чегинде аткарган. Ошондуктан өзүн жана айыпталуучу Бекировду актоону суранган.

Кубанычбек Кумашевдин жактоочусу анын беренесин “Шалаакылыкка” алмаштырууну суранган. Айыпталуучу тергөө учурунда берген көрсөтмөлөрүн толук колдоп, өз күнөөсүн толугу менен мойнуна албаарын билдирген.

“Айнура Байгазиева жана Дильбара Боронбаева мени кылмыш сүйлөшүүлөрүнө кошкон эмес”, - деген ал.

Пикир

Оставить комментарий