• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кожошев: Бишкектеги жол катмарын калыбына келтирүү боюнча долбоорго жараша 23 көчөдөгү жол инфраструктурасы жакшыртылды

Өкмөт 0

Бишкек, 19.10.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен ишке ашырылган «Бишкек шаарынын унаа жолдорунун катмарын калыбына келтирүү» долбоорун кабыл алуу-өткөрүү Актысына кол коюу салтанатына катышты.

Арзыбек Кожошев белгилегендей, аталган долбоор алкагында жалпысынан узундугу 40 км жакын жолдун асфальт бетон катмары калыбына келтирилген, 23 көчө оңдолуп, борбордун транспорттук инфраструктурасы жана жол кыймылы, андагы өткөрүү мүмкүнчүлүгү жакшыртылган.

«Аталган долбоорлор «Бир тилке бир жол» белгилүү демилгелер алкагындагы Кыргыз Республикасы жана Кытай Эл Республикасы ортосундагы достукту жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди чыңдоого, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө багытталган», - деп белгиледи Министрлер Кабинетинин биринчи орун басары.

Өз кезегинде Кытай Эл Республикасынын элчиси белгилегендей, мындай долбоорлор эки өлкө ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн жогорку деңгээлинин ачык далили болуп саналат.

Андан соң «Бишкек шаарынын унаа жолдорунун катмарын калыбына келтирүү» долбоорун кабыл алуу-өткөрүү Актысына кол коюу салтанаты өттү.

Жыйынтыгында Арзыбек Кожошев кытай тараптан көрсөтүлгөн колдоосу үчүн ыразычылык билдирип, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өлкөнү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ар дайым колдоого даяр экендигин белгиледи.

Иш-чарага ошондой эле Кыргыз Республикасындагы Кытай Эл Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты.

Пикир

Оставить комментарий