• 84.92
  • 94.05
  • 0.93

КРнын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 05.12.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 13-сентябрында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты биологиялык таштандыларды жыйноонун, утилдештирүүнүн жана жок кылуунун ветеринардык-санитардык эрежелерин бузуу, айыл чарба жана үй жаныбарларынын өлүктөрүн көмүү үчүн бөлүп берилген жайларды (мал көмүлгүн жайлар, биотермикалык чуңкурлар жана крематорийлер) кармоонун эрежелерин бузуу, мал көмүлгөн жайлардын, биотермикалык чуңкурлардын жана крематорийлердин аймагына малды жаюу сыяктуу бузууларга административдик жоопкерчилик киргизүү болуп саналат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий