• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

“КР агроөнөр жай комплексин андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 23.07.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койду.

КР президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 “2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө” жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасында аныкталган милдеттерди чечүү, агроөнөр жай комплексин туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу, азык-түлүк коопсуздугун бекемдөө жана жаратылыш ресурстарын натыйжалуу пайдалануу максатында, КР Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылынат:

1. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети:
1) төмөнкүлөр боюнча чараларды иштеп чыксын:
– фермердик чарбалардын натыйжалуулугун жогорулатуу жана ири товардык өндүрүштү көбөйтүү үчүн аларды кооперативдик же чарбанын башка формаларына ыктыярдуу бириктирүүгө дем берүү;
– агроөнөр жай секторунда ири товардык өндүрүшкө жеңилдетилген кредит берүүнү өркүндөтүү жана жөнөкөйлөтүү, мамлекеттик банктарда долбоордук каржылоо системасын киргизүү;
– экономикалык маанилүү агроөнөр жай ишканаларын өнүктүрүүнү колдоо;
– жайыт жерлерин жакшыртуу;
– асылдуулугу төмөн жайыт жерлерин өздөштүрүү, анын ичинде асылдуулугу төмөн жайыт жерлеринин жайгашкан жери жөнүндө маалыматтарга фермерлердин жана инвесторлордун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
– айыл чарба өндүрүшүнө чет өлкөлүк жеке инвестицияларды тартуу, инвесторлор үчүн сапаттуу инвестициялык долбоорлорду даярдоо, 2030-жылга чейин айыл чарбасына чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмүн үч эсеге көбөйтүү;
– жашыл биотехнологияларды, климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча технологияларды, айыл чарба өндүрүшүндө, анын ичинде ирригациялык каналдарды курууда инновациялык материалдарды жана методдорду, айланма айыл чарбасынын механизмдерин жана айыл чарбасында калдыксыз өндүрүштү колдонууда жасалма интеллектти жана башка заманбап технологияларды ишке киргизүү;
– айыл чарба өндүрүшүн санариптештирүү, айдоо аянттарынын реалдуу режимде космостон тартылган сүрөттөрүн алууну камсыз кылуу, маркетплейстер аркылуу айыл чарба продукцияларын ички сатууну жана экспорттоону көбөйтүү;
– айыл чарба өсүмдүктөрүнүн, биринчи кезекте беденин, жүгөрүнүн, кант кызылчасынын жана жашылча өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн ата мекендик өндүрүүнүн экспорттук потенциалын арттыруу;
– 2030-жылга чейин биологиялык жана органикалык жер семирткичтерди жана пестициддерди колдонууну көбөйтүү;
– айыл чарбасында агрокластерлерди жана кошумча нарк чынжырларын андан ары өнүктүрүү;
– 2030-жылга чейин мамлекеттик бюджеттин эсебинен балдардын, мектеп окуучуларынын жана аскер кызматчыларынын тамак-аш рационуна киргизүү үчүн сертификацияланган ата мекендик органикалык продукцияны гана мамлекеттик сатып алууга өтүү;
– айыл чарба продукциясынын дүйнөлүк рыногундагы
азык-түлүккө болгон суроо-талапка жана керектөөгө мониторинг жана байкоо жүргүзүү, керектөөчүлөрдүн артыкчылыктарын жана табитин өзгөртүүгө байланышкан азык-түлүктү ички суроо-талапка, керектөөгө жана экспорттоого адаптациялоо боюнча ыкчам чараларды көрүү;
– айыл чарба өндүрүшүнө эл аралык сапат стандарттарын, анын ичинде ISO, GLOBALG.A.P., HACCP (ИСО, Глобал ГЭП, ХАССП) жана башка стандарттарды киргизүү;
– өлкөнүн ички жана тышкы рынокторунда фермерлерге айыл чарба продукциясын маркетингге жана бренддөөгө жардам көрсөтүү жана окутуу;
– агроөнөр жай секторунда керектөөчүлөрдүн ден соолугун коргоо жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдү коргоо, анын ичинде өлкөнүн ички рыногунда айыл чарба продукцияларын инспекциялоо;
– республиканын аймагында эпизоотиялык бейпилдикти жана ветеринардык-санитардык коопсуздукту камсыз кылууга контролду (көзөмөлдү) күчөтүү;
– республиканын илимий-изилдөө жана билим берүү мекемелеринин алдында ички рынокко жана экспортко арналган өсүмдүк өстүрүүчүлүк продукцияларынын коопсуздугун баалоо боюнча, анын ичинде тиешелүү сертификаттарды берүү, жаш адистерди заманбап жабдууларда иштөө көндүмдөрүнө окутуу үчүн лабораторияларды пайдалануу менен оор металлдардын жана башка генетикалык модификацияланган организмдердин болушун аныктоо боюнча лабораторияларды түзүү;
– агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүгө багытталган расмий донордук жардамды натыйжалуу координациялоо, донорлордун эсебинен алынган кредиттерди кайталоону болтурбоо;
– өстүрүлүүчү айыл чарба өсүмдүктөрү жана продукциянын түрлөрү боюнча көрсөтүлүүчү кызматтардын адистешүүсүн эске алуу менен республиканын региондорунда 40 машина-трактордук станцияларды түзүү;
– айыл чарба жерлерин сугаруунун механикалаштырылган, тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу методдорун кошкондо, айыл чарбасында сууну сарамжал пайдаланууну колдоо, 2030-жылга чейин органикалык өндүрүш үчүн аянттарды үч эсеге көбөйтүү;
– жер астындагы суулардын скважиналарын инвентаризациялоо; – муниципалдык менчикте турган же каралбай калган ички чарбалык ирригациялык системаларды этабы менен мамлекеттик менчикке кабыл алуу-өткөрүп берүү;
– балык жана балык продукциясын өндүрүүнүн андан ары туруктуу өсүшү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана балык уулоого жана аквакультурага инвестицияларды тартуу;

2) төмөнкүлөргө шарттарды түзсүн:
– фискалдык дем берүү чараларын кошуп алганда өзүнүн жер участокторунда фермердиктин иштеши жана өнүгүшү үчүн зарыл болгон фермаларды куруу мүмкүнчүлүгүн берүү менен ири жер пайдалануучуларга (100 га жана андан жогору);
– тобокелдүү дыйканчылык жана мал жаюу зоналарында агрокамсыздандыруу системасын киргизүүгө;
– өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна жетишүү үчүн ассоциациялардын жана алдынкы ишканалардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен азык-түлүк коопсуздугу институтун уюштурууга;
– 2030-жылга карата айыл чарба продукциясынын экспортун
2 эсеге көбөйтүүгө;
– 2040-жылга карата айыл чарба продукциясын 50 пайыздан кем эмес кайра иштетүү деңгээлине жетишүүгө;
– реалдуу сектордо агрардык колдонмо илимдин жетишкендиктерин киргизүү менен “Агрардык илим – агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүнүн негизги фактору” долбоорун иштеп чыгууга жана ишке ашырууга;
– жогорку окуу жайларында агроөнөр жай комплексинин адистерин даярдоонун сапатын жогорулатууга, агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү максатында башка өлкөлөрдөн адистерди тартууга;
– инвесторлорго, фермерлерге жана агроөнөр жай комплексинин башка чарбакер субъекттерине карата аракетсиздиги жана укукка сыйбаган аракеттери үчүн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигин жогорулатууга;
– катталбаган объекттер үчүн техникалык паспортторду жана пайдаланууга киргизүү актыларын берүүнү камсыз кылуу менен менчик укугунда таандык болгон жер участокторунда курулган айыл чарба курулуштарын максаттуу багытына ылайык инвентаризациялоого;
– максаттуу багытына ылайык жер участокторунда мал чарба, канаттууларды багуу, балык өстүрүү, күнөскана чарбасы, кайра иштетүү өнөр жай объекттерин курууга жана профилин кайра өзгөртүүгө уруксат алуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө;
– айыл чарба өндүрүшүндө андан ары өздөштүрүү үчүн асылдуулугу төмөн жайыттарды, анын ичинде анча баалуу эмес айыл чарба жерлерин кыйла баалуу жерлерге которууну (трансформациялоону) жөнөкөйлөтүүгө;
– айыл чарба муктаждыктары үчүн пайдаланылуучу артезиан скважиналарын лицензиялоону жоюуга;
– фермерлердин айыл чарбасындагы ыкчам, маалымдама маалыматтарга жетүүсүн камсыз кылууга, электрондук коммерциянын элементтери бар маалыматтык-маалымдама системасын түзүүгө;
3) колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү кошуп алганда, ушул жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

2. КР президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 25 “Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгы күчүн жоготту деп таанылсын.

Пикир

Оставить комментарий