• 87
  • 90.41
  • 0.84

КР аймагында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Коом 0

Бишкек, 04.04.18. /Кабар/. КР сейсмология институтунун маалыматына ылайык, кечээ, 3-апрелде саат 14:14тө Кытай мамлекетинин аймагында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталган.

ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Нура, Иркештам айылдарында 5 балл, Икизяк айылында 4 балл, Сопу-Коргон, Сары-Таш, Кара-Киндик, Кичи-Каракол, Чий-Талаа, Кызыл-Жар, Кан-Коргон, Чычырканак айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала алынган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок.

Пикир

Оставить комментарий