Кыргызстандын акыйкатчысы КМШнын адам укуктары боюнча комиссиясынын жыйынына катышты

Коом 0

Бишкек, 20.06.24. /Кабар/. Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева КМШнын адам укуктары боюнча комиссиясынын видеоконференция аркылуу өткөн жыйынына катышты.

КР Акыйкатчы институтунан билдиришкендей, жыйында мигранттардын укуктарын коргоо маселелери талкууланды.

Алсак, Кыргызстан, Россия, Казакстандын Акыйкатчы институттары, ошондой эле Беларустун тиешелүү мамлекеттик органдары ар бири өз өлкөсүндөгү миграциялык мыйзамдарга талдоо жүргүзүштү.

Тактап айтканда, Кыргызстандын Акыйкатчы институту тарабынан мигранттардын укуктары тууралуу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына талдоо жүргүзүлгөн.

Мындан тышкары, КР Акыйкатчы институту Россия, Казакстандын Акыйкатчы институттары жана Беларустун мамлекеттик органдары тарабынан берилген аналитикалык материалдардын маалыматтарын чогултуп, талкуулашты.

Аналитикалык материалдарды чогултуунун жана анализдөөнүн жыйынтыгы боюнча КР Акыйкатчы институту КМШ өлкөлөрүнүн Акыйкатчы институттарына мигранттардын укуктары жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдаган.

"Мигранттардын укуктары бузулган учурлар көп кездешет. Бул оор эмгек шарттарда иштөө гана эмес, мигранттардын кодулоого кабылышы дагы. Бул КМШ өлкөлөрүнүн мигранттарынын укуктары жаатындагы ченемдик укуктук актыларын изилдөөнү сунуштоого түрткү болду. Эмгек мигранттарынын басымдуу бөлүгү көбүнчө аярлуу абалга туш болгондон кийин, миграциялык мыйзамдардын катаалдыгынан улам аларга өлкөгө кирүүгө тыюу салынып калган учурлар да бар", - деди Жамиля Жаманбаева.

Кыргызстандын акыйкатчысы жалпы кабыл алынган принциптерге жана эл аралык укукка ылайык мигранттардын укуктук статусун өзгөртүү боюнча алдыңкы тажрыйбаны кабыл алууну сунуштайт.

Белгилей кетсек, адам укуктары тууралуу бардык сунуштарды карай турган КМШнын адам укуктары боюнча комиссиясынын жыйыны 27-июнда Россиянын Санкт-Петербург шаарында болот.

Пикир

Оставить комментарий