КР ашууларында зыянсыздандырылбаган 107 снаряд бар - ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 14.11.17 /Кабар/. 2017-жылдын башынан бери кар көчкүлөрүн атайылап аткылап түшүрүү иш-чаралары жалпысынан 20 жолу өткөрүлгөн жана бул иш-чарага жалпысынан 1 121 даана снаряд коротулуп, адам өмүрүнө кооптуулук жаратып турган жалпы көлөмү 2 995 660 м3 га жеткен кар көчкүсү түшүрүлүп, кырсыктын алды алынган.

КР ӨКМ басма сөз кызматы билдиргендей, атылган снаярддардын ичинен ар кандай себептер менен 147 даанасы жарылбай калган.

Акыркы маалымат боюнча жалпысынан жарылбай калган снаряддарды зыянсыздандыруу иш-чараларынын натыйжасында 40 даана снаряд табылып, ичинен 107 табылбай калган.

Ал эми снаряддарды зыянсыздандыруу үчүн жылдын башынан баштап 6 атайын иш-чаралар өткөрүлгөн. Тактап айтсак, Бишкек-Ош автоунаа жолунда 123 даана жарылбай калган, КР ӨКМнин 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 408, 2017-жылдын 3-июлундагы № 724 буйруктарынын негизинде жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында жалпы 28 даана снаряд табылган. Тактап айтканда, 133-чакырымда 4 даана, 223-чакырымда 1 даана, 226-чакырымда 4 даана, 231-чакырымда 6 даана, 246-чакырымда 13 даана.

Балыкчы-Казарман унаа жолунда КР ӨКМнин 2017-жылдын 11-мартындагы № 238, 2017-жылдын 16-октябрындагы №1201 буйруктарынын негизинде жалпы 1 даана снаряд 325-334-чакырымдарында табылган.

Каракол-Эңилчек автоунаа жолунда КР ӨКМнин 2017-жылдын 31-июлундагы № 867 буйругунун негизинде издөө иштери жүргүзүлүп 3 снаряд зыянсыздандырылган, ал эми (47-82 - чакырымы) жарылбай калган 1 даана снаряд табылган жок.

Ала-Бука-Каныш-Кыя, Красная Горка-Акташ автоунаа жолдорунда КР ӨКМнин 2017-жылдын 19-августундагы № 949 буйругунун негизинде 2 даана снаяряд табылган.

Суусамыр-Талас-Тараз автоунаа жолунда жалпысынан 2 даана снаряд болсо, анын 1 даанасы жарылбай калып жеринде табылып жок кылынган, 1 даанасы 2017-жылдын 14-августунда 9-10-чакырымдардан тоодон малчынын жардамчысы Сагын Наралиев таап алгандыгын билдирип, 2017-жылдын 15-августунда зыянсыздандырылган.

Мырзаке–Кара-Кулжа–Алайкуу автоунаа жолунда жалпысынан 9 снаряд болсо, зыянсыздандыруу иш-чаралары аткарыла элек, мерчемделүүдө.

Нарын облусунун аймагындагы Сары-Булак–Соң-Көл автоунаа жолунда жалпысынан 2 снаряд болсо, 1 даанасы 2017-жылдын 8-августунда 33–чакырымыда таюылган, 1 снаряд табылган эмес.

Казарман–Акталчат-Нарын автоунаа жолунда жалпысынан 3 снаряд болсо, КР ӨКМнин 2017-жылдын 11-мартында №238 буйругунун негизинде издөө иштерин жүргүзүшүп, 85–чакырымында 3 снаряд табылган.

Пикир

Оставить комментарий