Бишкек, 07.06.22. /Кабар/. КР тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова жетектеген КР Айыл чарба министрлигинин Суу чарба кызматынын жана КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин өкүлдөрүнөн турган делегация Эл аралык иш-аракеттер он жылдыгына арналып, Душанбе шаарында өтүп жаткан “Суу туруктуу өнүгүү үчүн” аттуу жогорку деңгээлдеги экинчи эл аралык конференциясына катышууда.
КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, иш-чара чет мамлекеттердин өкмөттөрүнүн, эл аралык жана регионалдык уюмдардын, дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн келген эксперттик жана илимий чөйрөлөрдүн өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлүүдө.
Конференциянын алкагында тышкы иштер министринин орун басары Д.Кемелова «Аймактык суу кызматташтыгы» аттуу Борбордук Азия форумунда сөз сүйлөп, климаттын өзгөрүшүнүн суу менен камсыздоо, энергетика жана азык-түлүк коопсуздугуна тийгизген таасирине байланышкан көйгөйлөргө токтолду. Ушуга байланыштуу ал аймактын суу-энергетикалык ресурстарын пайдалануу боюнча конструктивдүү жана өз ара пайдалуу кызматташууга чакырды.
Д.Кемелова аймакта сууну пайдалануунун компенсациялык жана экономикалык механизмдери иштелип чыгып, ишке ашырылышы зарылдыгын белгиледи. Ал БУУнун алкагында көтөрүлгөн тоолорду туруктуу өнүктүрүү, мөңгүлөрдү жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо маселелерине арналган демилгелер жана резолюциялар тууралуу маалымат берди.
Форумга катышуунун алкагында КР ТИМ башчысынын орун басары Д.Кемелованын БУУнун Европа Экономикалык комиссиясынын аткаруучу катчысы О.Алгаерова менен жолугушуусу өтүп, анын жүрүшүндө тараптар социалдык-экономикалык өнүгүүнүн, суу жана экологиялык кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Атап айтканда, Динара Кемелова БУУнун алкагында Кыргызстандын тоо демилгелерин илгерилетүүгө, Жалпы преференциялар системасы + (ЖПС+) статусуна ээ болгон Кыргызстандын экспорттук потенциалын жогорулатууга көмөк көрсөтүүнү өтүндү. Ошону менен бирге, транспорттук инфраструктура чөйрөсүндө регионалдык кызматташууну тереңдетүүнүн жана сооданы кеңейтүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.
Пикир
Оставить комментарий