• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

КР делегациясы Түркияда «Hatay Expo 2022» көргөзмөсүнүн ачылышына катышты

Коом 0

Бишкек, 06.05.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылы 31-март-1-апрелинде Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев баштаган кыргыз делегациясы Хатай шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулган «Цивилизациялар бакчасы» деп аталган «Hatay Expo 2022» көргөзмөсүнүн ачылышына катышты.

КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, кыргыз делегациясынын курамына КР Жогорку Кеңешинин депутаты Н.Азыгалиев, Кара-Балта жана Кызыл-Кыя шаарларынын мэрлери Д.Шакирбаев жана А.Маткалыков, КРнын Чүй облусунун Панфилов районунун акими М.Алиаскаров жана аталган шаарлардан келген ишкерлер катышты.

Иш-чарада Түркиянын 15тен ашык провинциясынын жана 13 чет өлкөнүн Мэрияларынын, анын ичинде Германия, Кытай, Италия, Түштүк Корея, Непал, Филиппин ж.б мамлекеттердин «Бакчалары» (өсүмдүктөр менен кооздолгон) жана павильондору көрсөтүлдү.

Көргөзмөнүн ачылышында Хатай шаарынын мэри Лүтфи Саваш, Эл аралык багбанчы өндүрүүчүлөр ассоциациясынын жетекчиси Бернард Оостером жана Түркиянын Республикалык элдик партиясынын төрагасы Кемаль Кылычдароглу сөз сүйлөштү.

Кыргыз тарабынан Кыргызстандын павильону ачылып, кыргыз боз үйү тигилди жана кыргыз элинин маданияты менен турмуш-тиричилигине тиешелүү буюмдар, Кара-Балта жана Кызыл-Кыя шаарларында чыгарылган продукциялар жана Кыргызстандын туристтик потенциалы тууралуу брошюралар жана буклеттер көрсөтүлдү.

Көргөзмөгө катышуунун алкагында 2022-жылдын 31-мартында элчи Өмүралиев баштаган кыргыз делегациясы Хатай шаарынын мэри Л.Саваш менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар боордоштук мамилеси бар Кара-Балта жана Хатай шаарларынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө, ошондой эле аталган түрк шаары менен Кызыл-Кыя шаарынын ортосунда өз ара байланышты түзүү маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле 2022-жылдын 1-апрелинде кыргыз делегациясы Искендерун шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын жетекчилиги менен жолугушту. Жолугушууда кыргыз тарап Кыргызстандын инвестициялык потенциалы жана биздин өлкөдө бизнес жүргүзүүнүн артыкчылыктары тууралуу презентация жасады.

Түрк ишкерлерине энергетика, айыл чарба, жер казынасын пайдалануу жана башка тармактардагы долбоорлор боюнча маалымат берилди. Искендерун шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын ишкерлерин Кыргызстандык ишкерлердин бал экспорттоо, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана жер казынасын пайдалануу тармагында ишкана түзүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу сунуштары кызыктырып, келечекте бул долбоорлор боюнча кызматташууну улантууну макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий