• 87
  • 90.59
  • 0.86

Асеин Исаев Ташкентте БА өлкөлөрүнүн ТИМ башчыларынын орун басарларынын жыйынына катышты

Саясат 0

Бишкек, 27.11.24. /Кабар/. Күн мурун Ташкент шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын кезектеги 14-жыйыны өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан билдиришти.

Иш-чара Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги тарабынан БУУнун Борбор Азия үчүн превентивдүү дипломатия боюнча Регионалдык борборунун (РЦПДЦА) көмөгү менен уюштурулду.

Жыйынга Кыргызстандын атынан тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев жетектеген делегациясы катышты.

Жыйындын алкагында Борбор Азия өлкөлөрүнүн министрлеринин орун басарларын Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиер Саидов кабыл алды.

Жолугушуунун катышуучулары өз сөзүндө жана талкууларында Борбордук Азия мамлекеттеринин тышкы саясатынын аймактык кызматташтыкты чыңдоого артыкчылыктуу багыттары боюнча бир добуштан пикирлерин билдиришти. Соода-экономика, транспорттук-логистикалык каттамдар, суу-энергетика жана климаттык маселелерге байланышкан аймактык кызматташуунун конкреттүү багыттары талкууланды.

БУУнун Афганистанга көмөк көрсөтүү миссиясынын башчысы Роза Отунбаеванын баяндамасына байланыштуу Афганистан менен кызматташуу боюнча Борбор Азия мамлекеттеринин аракеттерин бириктирүү боюнча өзүнчө талкуу болду.

Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө Превентивдүү дипломатия академиясынын бүтүрүүчүлөрү Борбор Азия мамлекеттеринин өкмөттөрүнө эл аралык күн тартибиндеги маселелер, анын ичинде социалдык маселелер боюнча кайрылуу жасашты.

Пикир

Оставить комментарий