• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

КР Эл артисти Ашырбек Чокубаев дүйнөдөн кайтты - некролог

Коом 0

Бишкек, 13.03.18 /Кабар/. Кыргыз театр жана кино искусствосу орду толгус оор жоготууга учурады. 2018-жылдын 11-мартында узакка созулган оорудан Кыргыз Республикасынын эл артисти Ашырбек Назарбекович Чокубаев дүйнөдөн кайтты.

Ашырбек Чокубаев, 1947-жылы 4-декабрда Ош облусунун Өзгөн шаарында чыгармачыл адамдардын үй-бүлөсүндө туулган.

Артист болууну эңсеген Ашырбек Чокубаев 1972-жылы Ташкенттеги А.Н. Островский атындагы театралдык сүрөт өнөрү институтун аяктаган. 1978-жылы Кыргыз улуттук Т. Абдумомунов атындагы академиялык драма театрына артист катары кабыл алынган.

Ашырбек Чокубаев сахнада көптөгөн мыкты образдарды жаратты. Алсак, “Эзоп”, “Саманчынын жолу”, “Ромео жана Джульетта”, “Азоого чалма”, “Ар бир үйдө майрам”, “Бий мугалими”, “Жыгылган оогонго күлөт” спектаклдериндеги жараткан образдары көрүүчүлөрдүн эсинде калды.

Ашырбек Чокубаев кинодогу мыкты ролдору менен дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнүн көрүүчүлөрүнө кеңири таанымал. Ал Төлөмүш Океевдин “ Ак илбирстин тукуму”, Тынчылык Разаковдун “Нокдаун” сыяктуу белгилүү фильмдеринде тартылган. Ашырбек Чокубаевдин катышуусу менен тартылган Алексей Студинскийдин “Парижге жол” жана Леонид Осыканын “Захар бүркүт” тасмалары советтик жана улуттук кинонун Алтын фондуна кирген.

Ашырбек Чокубаев боордош казак кинематографисттери менен үзүрлүү кызматташкан. Айрыкча режиссер Иван Пассер менен Сергей Бодров-атасы жана Талгат Теменов менен “Көчмөндөр” долбоорундагы эмгеги өзгөчө белгилөөгө арзыйт.

Ашырбек Чокубаев жаңы заманбап режиссерлор менен көптөгөн кинотасмаларда иштешти. 2006-жылы Талгат Асыранкулов менен Газиз Насыровдун “Бейиш куштары” автордук фильминдеги ролду жогорку чеберчиликте аткарган.

2014-жылы Ашырбек Чокубаев режиссер Садык Шер-Нияздын “Курманжан датка” тарыхый кинотасмасында Бухара эмиринин көзгө толумдуу образын жаратууга жетишкен.

Ашырбек Чокубаев кыргыз улуттук кино искусствосундагы көрүнүктүү актерлордун бири. Актердук чеберчиликти мыкты өздөштүрүп, ар дайым изденүү менен эмгектенген.

Жарк этип жанган көрүнүктүү актер катары Ашырбек Чокубаевдин жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат. Ашырбек Назарбаевич Чокубаевдин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын бөлүшөбүз.

Жээнбеков С.Ш., Джумабеков Д.А., Исаков C.Ж., Молдобекова Г.С., Ибраев С.К., Момбеков Р.Ч., Шер-Нияз С., Иманалиев К.К., Шадиев А.А., Султанбекова Ч.А., Абылгазиев М.Д., Жумагулов С.Ж., Раев С.А., Жакиев Б.Ж., Байжиев М.Т., Далбаев С.Д., Далбаева М., Шаршенбаев М.С., Кулмамбетов Ж.О., Базаров Г.С., Шамшиев Б.Т., Мусаев М., Карагулов Б.Н., Абдиев М., Абдыкулов К., Ибрагимов Т., Мамбетова Н., Байдоботов Д.О., Бекболиев Э., Сейдакматова Ж., Думанаев Ч., Арым Кубат А., Абдыкалыков А.А., Казаков Т.Т. Өзүбеков А., Бегалиев М.А., Джангазиев А.М., Кулмендиев Т.А.

Пикир

Оставить комментарий