• 86.8
  • 91.85
  • 0.85

Кыргызстандын элчиси: Шымкентте кармалган 15 КР жараны кое берилди

Коом 0

Бишкек, 10.01.22. /Кабар/. Шымкентте кыргызстандыктар массалык түрдө кармалып, милиция тарабынан опузага кабылганы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеев билдирди.

Анын айтымында, маалымат түшөрү менен ал Шымкент шаарынын полциясынын башчысы менен тынымсыз байланышта болуп турган. Шаардык полициянын башчысы 9-январда Кыргызстандын 15 жараны миграциялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн кармалганын билдирген.

Дюшекеев белгилегендей, кыргызстандыктарга карата протоколдор түзүлүп, алар ошол эле күнү кое берилген.

Элчи баса белгилегендей, шаардык милиция Кыргызстандын дипломаттарынан мындай фактыларды ыкчам текшерүү үчүн маалыматтарды алардан тактоону суранган.

“Элчилик Кыргызстандын жарандарынын кармалышынын айланасындагы кырдаалга дайыма көз салып турат”, - деди дипломат.

Пикир

Оставить комментарий