• 85.8
  • 93.2
  • 0.88

КР эмгек сиңирген артисти, актёр Азиз Мурадиллаев көз жумду

Коом 0

Бишкек, 17.12.22. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, актёр Азиз Мурадиллаев көз жумду. Бул тууралуу коомдук ишмер Ассоль Молдокматова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

“Азиз Мурадиллаев дүйнө салды. Бул тууралуу анын жубайы Элвира билдирди. Азиздин акыркы тилеги анын сөөгүн Ала-Арча көрүстөнүнө коюу болуптур. Мен бул боюнча президент Садыр Жапаровго кайрылам. Анткени Ала-Арча көрүстөнүнө Элдик наамы бар гана адамдары коюу боюнча токтом бар”, - деп билдирген ал.

Эске сала кетсек, мындан бир нече кун мурун Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, актёр Азиз Мурадиллаев оор абалда Бишкектеги ооруканалардын бирине жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Ассоль Молдокматова актердун боорун алмаштыруу үчүн тез арада чет өлкөдө операция жасалышы керектигин айтып, ал үчүн 45 миң АКШ доллары сарптала тургандыгын маалымдаган.

Актерго жардам берүү максатында башталган атайын акциянын алкагында бир күндө 3 миң 270 доллар чогулган. Дарыланууга жетпей жаткан 42 миң долларды 4-декабрда президент Садыр Жапаров которгон.

Актерго кайрадан боордун циррозу диагнозу коюлган.

“Кабар” маалымат агенттигинин жалпы жамааты актердун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Пикир

Оставить комментарий