• 87.86
  • 93.94
  • 1

КР эмгек сиңирген мугалими Нурия Абылаева дүйнөдөн кайтты — некролог

Коом 0

Бишкек, 22.05.24. /Кабар/. КР эмгек сиңирген мугалими, орус тилдүү класстар үчүн "Кыргыз тили" окуу китептеринин автору, кыргыз тили жана адабияты мугалимдеринин устаты, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө зор салымын кошкон алдыңкы агартуучу Абылаева Нурия Абылаевна 84 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Нурия Абылаева "Кыргыз ССРинин элге билим берүүнүн отличниги, "Эмгек ардагери" төш белгиси, КР президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын "Кыргыз тили", "Кыргыз тили" коомунун "Ыйык тил" төш белгилери жана "Методист мугалим" сыйлыктарынын ээси.

Ошондой эле анын күжүрмөн эмгеги татыктуу бааланып "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими" ардактуу наамы ыйгарылган.

КР президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынан билдиришкендей, Абылаева Нурия Абылаевна өз өмүрүн татыктуу жашап өттү. Ал билим берүү тармагында өз доорунун мыкты өкүлү жана жаштардын ардактуу устаты, өмүрүн балдарга, мектепке, билим берүү тармагына, мамлекеттик тилибиз – кыргыз тилине арнаган алдыңкы методист мугалим болгон.

Э.Ж.Байсалов, Д.Ш. Кендирбаева, М. Мураталиев, А. Акматалиев, С. Мусаев, Н. Абдесов, И. Акматов, С.К. Рысбаев, Б.Б. Топоева-Ставинская, Т.Н. Абылкасымова, М. Өмүрбеков, Г.У. Ибраимова, Э.К. Ниязбекова, Р.И. Мусаева, К. Оболова, А.Т. Турдакунова, К.Ж. Иманкулова, Э.Т.Абдыкасымова, К.О.Райымбекова, З.М.Темирбекова, А.Оторбаева, Ж.Исмаилов, Ж.Б. Дүйшөнбекова, А.М. Исмаилова, К.Ж. Чоткараева, С.Ш. Маткеримова, А.И. Сыдыкова, А.К. Абдрасулова, А. Ходжебекова, С. Кубанычбек кызы.

Пикир

Оставить комментарий