• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Жалал-Абадда мыкты куткаруучуларды аныкташты – фото

Аймак 0

Бишкек. 29.04.19 /Кабар/. 2019-жылдын 27-апрели күнү КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгында райондук бөлүмдөр арасында өрт-куткаруу спорту боюнча мелдеш өткөрүлдү.

Мелдештин максаты өздүк курамдын күжүрмөн даярдыгын, тажрыйбасын жогорулатууга багыталган.

Мелдеште өрт өчүрүү учурунда колдонгон шаймандар менен күч сынашты.

Алдыңкы орундарды ээлеген кызматкерлерге дипломдор, ал эми, командалык эсепте 1-3 орундуу ээлеген райондук бөлүмдөргө диплом жана акчалай сыйлыктарды тапшырылды.

Мелдештин жүрүшүндө мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен кызматкерлерден облустук башкармалыктын курама командасын түзүлүп, 2019-жылдын 12-14-июнь күндөрү Бишкек шаарында куткаруучулар үчүн өтүүчү өрт-куткаруу спорттук мелдешке катышат.

Пикир

Оставить комментарий