• 87.86
  • 93.94
  • 1

КР Куралдуу күчтөрүнүн Аскердик институтунда курсант каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 25.09.18. /Кабар/. КР Куралдуу күчтөрүнүн Аскердик институтунда курсант каза болду, - деп билдирет коргоо иштери боюнча Мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы.

“Бүгүн, 25-сентябрда болжол менен саат 7:00дөр чамасында Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Аскердик институтунун 2-курсунун курсанты “С.И” каза болду. Окуянын чоо-жайы такталууда”, - деп айтылат маалыматта.

Болгон окуя тууралуу Бишкек гарнизонунун Аскердик прокуратурасына маалымат берилди.

Пикир

Оставить комментарий