• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөр киргизилди. Мыйзамга президент кол койду

Президент 0

Бишкек, 19.02.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 27-декабрында кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзам кылмыш-жаза мыйзамдарын гумандаштырууга багытталган, алдын алуу чарасын кошумча тандоо, заманбап санариптик технологиялардын мүмкүнчүлүктөрүн киргизүү жана пайдалануу укугун карайт, атап айтканда:

– Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине электрондук жана башка техникалык контролдоо каражаттарын (электрондук билерик) пайдалануу аркылуу электрондук байкоо жүргүзүү түрүндөгү алдын алуу чарасынын жаңы түрү киргизилүүдө;

– жазык иштерин кароонун мөөнөттөрүн кыскартуу, тараптардын процесстик чыгымдарын кыскартуу, жакындарынын жана туугандарынын соттук отурумдар өтүүчү жерге баруусуна, аларды жайгаштырууга кеткен чыгымдарына байланыштуу кошумча чыгымдарды жоюу, коопсуздукту жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу максатында жана Соттук териштирүүдө тартипти камсыз кылуу жана тараптардын ортосунда чыр-чатактарды болтурбоо, процесстерге аралыктан (видеоконференция аркылуу) катышуусу камсыз кылынат.

Пикир

Оставить комментарий