• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Гүлчахра Токтосунова көз жумду

Коом 0

Бишкек, 23.07.24. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын искусствосу орду толгус жоготууга учурады

2024-жылдын 19-июлунда 77 жаш курагында искусство таануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, КР Улуттук көркөм сүрөт академиясынын мүчө-корреспонденти Гүлчахра Токтосунова узакка созулган оорудан соң акка моюн сунду.

Токтосунова Гүлчахра Искендеровна 1947-жылдын 30-сентябрында Фрунзе шаарында туулган.

1968-жылы Фрунзе көркөм сүрөт окуу жайын жана 1973-жылы И.Е.Репин атындагы Ленинград көркөм сүрөт институтунун искусство таануу факультетин аяктаган.

1974-1984-жылдары Калмык АССРинин Маданият министрлигинин системасында искусство боюнча методист, Калмык сүрөт галереясынын башкы сактоочусу болуп иштеген. 1985-1989-жылдары Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунда чыгармачылык секцияларды башкарган. 1990-2002-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Манас таануу жана көркөм маданият борборунда искусство таануу бөлүмүнүн илимий кызматкери. 1995-жылдан бери борбордогу ар кандай жогорку окуу жайларында окутуучулук ишмердигин жүргүзүп келген.

1997-2004-жылдары Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде илимий иштер боюнча директордун орун басары болуп иштеген. 2005-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Улуттук көркөм сүрөт академиясында эмгектенип келген.

1991-жылдан бери КР Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. Кыргыздын көркөм өнөрү тууралуу бир нече илимий макалалардын автору.

Кесиптик ишмердигинде музей, редактордук, педагогикалык жана коомдук иштер менен алектенип келген.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Гүлчахра Искендеровна Токтосунованын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөбүз. Анын жаркын элеси элибиздин жана Кыргызстандын илимий, чыгармачыл интеллигенциясынын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.

Э.Байсалов, А.Максутов, Т.Ажымалиев, Ч.Эсенгул уулу, Г.Абдыкадырова, М.Тагаев, Б.Секимов, М.Бектеналиев, С.Мамбетмусаева, Р.Бакеев, А. Мамбетказиева, Ж. Бакашова, С.Абдраимов, Ж.Джунушев, Ж.Кулмамбетов, Т.Казаков, Т.Чокиев, М. Бейшенбаев, К.Иманалиев, Т. Кулмендеев.

Пикир

Оставить комментарий