• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

КР мектеп окуучулары химия боюнча Эл аралык олимпиадада коло медаль алышты

Билим 0

Бишкек, 15-май /Кабар/. Кыргызстандык мекте окуучулар Эл аралык химия боюнча Менделеевдик олимпиадада коло медаль алышты. Бул тууралуу КР Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Олимпиадага Кыргызстандын ар кыл аймактарынан 7 мектеп окуучусу мугалимдер Бакыт Боркоев жана Калыйпа Салиеванын коштоосунда катышышты. Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча 11-класстын окуучусу Абдыкерим уулу Эржигит (Ош) жана 10-класстын окуучусу Батырбеков Ильяс коло медаль алышты. Алар олимпиаданын теориялык жана тажрыйбалык тапшырмаларын ийгиликтүү аткарышкан.

КР билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева олимпиаданын жеңүүчүлөрү жана алардын мугалимдери менен жолугушту.

Мнистр менен жолугушууда жаш химиктер келечекте илим менен алектене тургандыктарын жана алардын атамекендик илимди өнүктүрүү боюнча максаттары бар экендигин билдиришти.

“Кыргызстанда илим оор абалда турат, олуттуу көйгөйлөрдүн бири – бул жаш окумуштуулардын жоктугу. Учурда КР Өкмөтү тарабынан иштелип чыккан концепция бар, өлкө Президентинин илим тармагын реформалоо боюнча тапшырмасы бар. Менимче, мындай жаштар өлкөнү өнүктүрүүгө салым кошушат”, - деди Г.Кудайбердиева.

Белгилей кетсек, Астанадагы Эл аралык олимпиадага 22 өлкөнүн химия боюнча олимпиадаларынын улуттук олимпиадаларынын жеңүүчүлөрү – бүтүрүү класстардын 120 окуучусу катышты.

Пикир

Оставить комментарий