КР менен Чехия ортосундагы кызматташуу талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 25.09.17. /Кабар/. Бүгүн, 25-сентябрда Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров Чехиянын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Элишка Жигова, анын орун басары Ладислав Штайнхюбел жана Чехиянын Кыргызстандагы элчилигинин консулу Марат Жаанбаев менен жолугушту. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшү эки тараптуу кызматташуу туурасында сөз болуп, жеке ишкерлерге колдоо көрсөтүү багытындагы долбоорлорду талкуулашты.

Чехиянын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Элишка Жигова жеке ишкерлерге, бизнес чөйрөнү өнүктүрүүгө салым кошуп форумдар өтүп жаткандыгын айтып, Ош шаарында да өткөрүүгө кызыктар экендигин белгиледи.

“Прагада, Бишкекте жана Астанада бийлик өкүлдөрүнүн, экономисттердин, жеке ишкерлердин катышуусунда чоң бизнес форумдар уюштурулуп келет. Ал негизинен өнөр-жайды, экономиканы көтөрүүгө жардам берип, өндүрүштү жогорулатат деп ишенем. Кийинки жылдан тартып Ош шаарында өткөрүүнү көздөп жататбыз. Анткени шаар өнүгүү жолунда жана ишкерлер кызыктар экендигине ынанып келебиз. Ошондой эле, коомдук транспортту ,шаардын инфраструктурасын жакшыртууда, жарыктандыруу багытындагы долбоорлор да бар”,- деди Э.Жигова.

Вице-мэр Нурбек Кадыров Ош шаары Чехия өлкөсү менен кызматташууга жана алар жактан көтөрүлгөн идеяларды, долбоорлорду колдоого дайым даяр экендигин билдирди.

“Башка өлкөлөр менен алакабыз жылдан жылга чыңалып, шаарлар арасында достук келишимдери н түзүп келе жататбыз. Бизнес жаатында болсо жакынкы аралыкта эле төрткө жакын ар тармактуу көргөзмө-жарманкелер Ош шаарында орун алды. Бул багыт жеке бизнести өнүктүрүүгө зор салым кошту деп ишенем. Ал эми Чехия тараптан келген сунуштарды Ош шаарынын мэриясы колдоого дайым даяр”,- деди Н.Кадыров.

Ошондой эле, жолугушуунун алкагында 2018-жыл Ош шаарында бизнес форум жана Чехия кино жумалыгын өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Бул иш-чара Кыргызстан менен Чехиянын кызматашуусунун 25 жылдыгына, ошондой эле, Чехословакиянын 100 жылдыгына арналмакчы.

Мындан тышкары, элчи Ош шаарындагы жеке ишкерлер менен биргеликте аквапарк куруу, муз тебүү аянттарын чоңойтуу багытына сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий