КР менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы каржылоо жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Президент 0

Бишкек, 16.05.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “2023-жылдын 12-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы каржылоо жөнүндө макулдашууну (Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу долбоорун) ратификациялоо тууралуу” КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 18-апрелинде КР Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты 2023-жылдын 12-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу долбоорун) ратификациялоо үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу болуп саналат.

Каржылоо жөнүндө макулдашуу менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы тарабынан Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу долбоорун ишке ашырууга көмөк көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасына 50 млн АКШ доллары өлчөмүндө кредит берүү каралууда.

Кредиттик каражаттар төмөнкү максаттарга жумшалат:

– абанын сапатын көзөмөлдөөчү автоматташтырылган станцияларды куруу жана модернизациялоо аркылуу абанын сапатын башкаруу системасын бекемдөө;

– абанын сапатын текшерүү үчүн химия лабораториясын жаңыртуу;

– абанын сапатын контролдоо жол-жоболорун күчөтүү чөйрөсүндө техникалык көмөк көрсөтүү;

– абанын сапатын болжолдоо жана эскертүү ыкмалары;

– жеке үйлөрдү жылытуу үчүн таза технологияларды киргизүүгө көмөктөшүү;

– Бишкек шаарын жашылдандыруунун туруктуулугун камсыз кылуу үчүн ирригациялык системаларды куруу.

Пикир

Оставить комментарий