• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

КР менен Казакстан чек арадагы маселелерди чечүү жана Аспара дарыясында суу сактагыч курууну макулдашты

Саясат 0

Бишкек, 12.07.19. /Кабар/. Биз жүк ташуу анын ичинде Казастан аркылуу үчүнчү мамлекеттерге кетип жаткан жүктөрдү өткөрүү жол-жолболорун жеңилдетүү маселесин талкууладык, - деп билдирди Кыргызстандын премьер-министри VIII кыргыз-казак Өкмөт аралык кеңештин жыйыны учурунда.

Тар чөйрөдө өткөн жолугушуулардын жыйынтыгын чыгарып жатып Абылгазиев актуалдуу маселелер боюнча эки тараптуу терең түшүнүк бар экендигин белгиледи.

"Мындан тышкары "Каркыра-автожол" көзөмөл-өткөрүү бекетинен оор жүк ташуучу унаалар менен товарларды өткөрүү макулдашылды. Ошону менен бирге 2020-жылы Талас обулусундагы "Кичи-Капка" бекети ачылмай болду. Муну менен катар "Чолпон-Ата – Алматы" жолун куруу, Аспара дарыясы менен Чүй-2 айланма каналында суу сактагычын салуу боюнча инфраструктарылык долбоорлор да талкууланды", – деди премьер-министр.

Пикир

Оставить комментарий