• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

КР менен Казакстандын бажы кызматтарынын жетекчилери чек арадагы абалды талкуулашты

Коом 0

Бишкек, 03.04.19. /Кабар/. КР Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Оңолбеков Казакстандын финансы министрлигинин мамлекеттик кирешелер Комитетинин төрагасы Марат Султангазиев менен кыргыз-казак чек арасында түзүлгөн абалды талкуулоо максатында жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Казакстандын Кыргызстандагы элчилинен кабарлашты.

Жолугушуу 30-март күнү өткөн.

Алардын маалыматына ылайык, жолугушууда тараптар эки өлкөнүн бажы башкаруу системасын жана ошондой эле кызматташуунун келечегин талкуулашкан.

Тараптардын жолугушуусу "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү пунктунда түзүлгөн жагдайга байланыштуу болгон.

Эске сала кетсек, Казакстан кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү бекетинде кошумча көзөмөл орноткон. Ошол себептен кыргыз тараптан эки жүздөн ашуун оор жүк ташуучу унаалардан турган кезек пайда болгон. Ишкерлер зыянга учурашууда.

Пикир

Оставить комментарий