• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

КР менен Казакстандын ТИМ башчылары телефон аркылуу сүйлөштү – эмнени талкуулашты?

Саясат 0

Бишкек, 26.06.19. /Кабар/. Кыргызстан менен Казакстандын тышкы иштер министрлери Чыңгыз Айдарбеков менен Бейбут Атамкулов телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгын жандандырууга өзгөчө көңүл бурушту жана бул багытта мындан аркы конкреттүү чаралар жөнүндө пикир алмашышты.

"Бул контекстте министрлер жогорку деңгээлде боло турган иш-сапардын маселелерин талкуулашты. Министр Ч.Айдарбеков Арыс шаарындагы өзгөчө абалга байланыштуу өз визависине колдоо көрсөтүү сөзүн билдирди", - деп кабарланат.

Пикир

Оставить комментарий