• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

КР министрлер кабинети: кыргыз-тажик чек арасынын 101,86 чакырымы такталды

Саясат 0

Бишкек, 08.08.23. /Кабар/. 2021-жылдын май айынан тарта бүгүнкү күнгө чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 101,86 чакырымды түзгөн чек ара сызыгы такталды. Бул тууралуу "Кабар" маалымат агенттигине КР министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын башынан бери кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумушчу топтору алты ирет жолугушуу өткөргөн.

"Учурда Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында эки өлкөнүн топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жетинчи жолугушуусу өтүүдө. Ал 10-августка чейин созулат", - деп билдиришти министрлер кабинетинен.

Пикир

Оставить комментарий