КР опера жана балет театры Мариинск театрынын дирижёру менен кызматташат

Маданият 0

Бишкек, 30.11.23. /Кабар/. А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору Алмазбек Истамбаев менен Мариинск театрынын дирижёру Николай Хондзинскийдин узак мөөнөттүү чыгармачылык кызматташуу боюнча келишими түзүлдү. Бул тууралуу Алмазбек Истамбаев “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, түзүлгөн келишимдин алкагында Хондзинский 2024-жылы бир нече спектаклдерге катышат.

"Баса белгилеп кетчү нерсе келишим кыргыз артисттери үчүн да чоң стимул болот, дирижёр алардын арасынан чет өлкөдө болчу концерттери үчүн тандап алат", - деди ал.

Муну менен катар Николай Хондзинский Кыргызстандын опера жана балет театры бүгүнкү күндө эң сонун формада экенин айтты. Ал өз кезегинде кызматташуу чыгармачылыкты жаратууда ийгиликтерди алып келет деп ишенерин баса белгиледи.

Өз кезегинде КР Эл артисти, театрдын солисти Бактыбек Ыбыкеев тараптарды кызматташуунун алкагында жергиликтүү артисттерди Мариинский же чоң театрларда стажировкага баруу маселесин карап чыгууга чакырды.

Опера жана балет театрынын жетектөөчү солисти Оксана Шутова кесиптешинин демилгесин колдоо менен театрга чет өлкөдөн артисттердин келиши чоң тажрыйба экенин белгиледи.

"Бул профессионалдык чоң жетишкендик. Келген өнөктөш менен ырдасаңыз дагы бир тепкичке жетесиз. Үнүңдү өзгөртөсүң, техниканы өзгөртөсүң жана мектепти өнүктүрөсүң. Бул тажрыйба биз үчүн абдан жакшы", - деп жыйынтыктады ал.

Пикир

Оставить комментарий