• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

КР премьери жана өкмөттүн аппаратынын кызматкерлери ишембиликке чыгышты

Өкмөт 0

Бишкек, 31.03.18 /Кабар/. Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков жана өкмөттүн аппаратынын кызматкерлери, бүгүн 31-мартта, «Таза Жашоо» улуттук кампаниясынын алкагында Бишкек шаарындагы М.К. Ататүрк сейил багынын аймагына ишембиликке катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Ишембиликке биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, вице-мэр Айгуль Рыскулова, КР билим жана илим министри Гульмира Кудайбердиева катышты.

Аппараттын кызматкерлери Өкмөт башчынын жетекчилиги алдында 100дөн ашык четин багынынын көчөттөрүн отургузуп, сейил бактын аянтын таштандылардан жана кургак чөптөн тазалышты.

Белгилесек, 2018-жылдын 1-мартынан 31-майына дейре мамлекеттик жана коомдук уюмдардын ресурстарын социалдык инфраструктураны, айылдык жана шаардык объектилердин санитардык абалын жакшыртуу, жашылдандыруу жана өлкөнүн бардык аймактарын көрктөндүрүүгө жана ирээтке келтирүү үчүн мобилизациялоого багытталган «Таза жашоо» улуттук кампаниясы өткөрүлөт.

«Азыркы учурда республикабыздын бардык аймактарында тазалоо жана көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат. Кампаниянын максаты – жаштарга айлана чөйрөбүзгө, жаратылышка жана анын байлыктарына аяр мамиленин үлгүсүн көрсөтүү. «Таза Жашоо» - бул ар тараптуу иш аракеттер, кампаниянын алкагында биз мыйзамчыгаруу демилгелерди жана айлана чөйрөнү коргоо, экологиялык билимди алдыга жылдыруу», - деп белгиледи Премьер-министр Сапар Исаков

Өкмөт башчы жарандарды мобилизациялоого, тазалооого ресурстарды тартууга, көрктөндүрүүгө жана ирээтке келтирүү, окутуу жана экологиялык иш-чараларды өткөрүүнү колдогон уюмдарга ыраазычылык билдирди.

Азыркы учурда «Таза жашоо» улуттук кампаниясына төмөнкү уюмдар жана бизнес-структуралар активдүү катышууда:

«Эко Деми» коомдук фонду,

International Business Council (Эл аралык ишкерлер кеңеши)

«Жашыл Билик» коомдук фонду,

Жаштар демилгелеринин өнүктүрүү Фонду,

Мектеп ыктыярчысы долбоору

«КСО Борбордук Азия» агенствосу,

«Мурас кыймылы»

Билимкана – Бишкек мектеби

«Кайнар групп»,

Кыргызстандын велокоомчулугу,

«Арча» демилгеси» коомдук фонду

Women's forum Kurak

«Манас» Эл аралык аэропорту,

MoveGreen - МувГрин

Enactus Kyrgyzstan (КНАУ, КГТУ, КЭУ, КНУ),

Gazprom Neft Asia

«Basconi Bishkek»

«Chatyr»

«Оптима Банк»

INFOX маалымат борбору,

БизЭксперт - BizЕxpert

ACCELS Unity Fund

AUCA

«Любимый HD» телеканалы

«Coca-Cola Bishkek Bottlers»

«Дан Агро продукты»

«Эко Продукт Азия»

«Дом маркетинга и коммуникаций»

«Түкүрбө Не плевать»

«Реемстма»

JIA бизнес ассоциясы

Пикир

Оставить комментарий