• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

КР президенти мамлекеттик сапары менен Кытайга барды (сүрөт)

Президент 0

Пекин, 06.06.18. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков биринчи мамлекеттик сапары менен Кытайга учуп келди.

Пекин шаардык аэропортунан мамлекет башчысын КЭРнын тышкы иштер министринин орун басары Чжан Ханхуэй, Кытай Эл Республикасынын КРдеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Сяо Цинхуа, ошондой эле КРдин КЭРдеги элчиси Азамат Усенов, ШКУнун Башкы катчысынын орун басары Айзада Субакожоева тосуп алды.

Аэропортко Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик желектери илинип, учактын алдына килем төшөлүп, Ардактуу күзөт тизилген.

Кыргыз делегациясы мамлекеттик “Дяоюйтай” резиденциясына сапар тартты. Кечинде эки өлкө лидеринин жолугушуусу күтүлүүдө.

Сооронбай Жээнбеков менен Си Цзиньпинь эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, бир катар маанилүү маселелерди талкуулашып, жыйынтыгында эки тараптуу документтерге кол коюлары күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий