• 87
  • 90.41
  • 0.84

КР Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 24.12.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, „Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө“, „Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 20-ноябрында кабыл алынган.

Аталган Мыйзамдын максаты — тигүү жана текстиль өнөр жайындагы киреше салыгы жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жакшыртуу.

Мыйзамга ылайык ушул Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына киргизилген толуктоолор жана өзгөртүүлөр 2024-жылдын 1-январына чейин колдонулат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий