Бишкек, 15.10.18. /Кабар/. Грузияда самбо боюнча дүйнө биринчилиги болуп, анда кыргызстандык спортчу коло медаль багындырган. Бул тууралуу эл аралык самбо федерациясынан кабарлашты.
Турнир Тблиси шаарында 12-октябрда башталган.
Кыргызстандык спортчу Колбай Мусакулов 48 кг чейинки салмактык категория боюнча беттешке чыгып, Монголиянын өкүлүн жеңип, 3-орунга ээ болгон.
“Алтын” медалды грузиялык Георгий Мехришвили, күмүш медалды армен спортчусу Давит Овсепян уткан.
Пикир
Оставить комментарий