• 85.06
  • 93.51
  • 0.88

КР Соода-өнөр жай палатасы менен Мамлекеттик банкы кызматташат

Экономика 0

Бишкек, 09.10.24./Кабар/. КР Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Темир Сариев Кыргызстан Мамлекеттик банк башкармалыгынын төрагасы Медер Темирбеков менен жолугушту. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен бирге мындан аркы кызматташуу маселелери талкууланды. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында өнөктөштүктүн бир нече негизги пункттарын камтыган меморандумга кол коюлду.

Тараптар бизнести биргелешип колдоо, ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду алдыга жылдырууга жана ишке ашырууга көмөктөшүү, ошондой эле тиешелүү маалыматтарды берүү жана алмашуу боюнча макулдашышты.

Мамлекеттик банктын өкүлдөрү ишкерлерди банктын артыкчылыктары менен тааныштырып, бизнесмендер бизнести эффективдүү жүргүзүү үчүн пайдалана ала турган артыкчылыктарды белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий