• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

КР Соода-өнөр жай палатасынын президенти өз арызы менен кызматтан кетти

Коом 0

Бишкек, 26.11.22. /Кабар/. КР Соода-өнөр жай палатасынын президенти Марат Шаршекеев өз арызы менен кызматтан кетти. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдирет.

Маалыматка ылайык, ушул жылы 17-ноябрда КР СӨПтүн кеңешинин кезектеги отуруму өтүп, анда учурдагы маселелер жана палатынын президенти Марат Шаршекеевдин өз каалоосу менен ыйгарым укуктарын алып салуу жөнүндө 15-ноябрда жазган арызы каралды.

"Буга байланыштуу кеңештин чечими менен СӨПнүн XI кезексиз съезди 2022-жылы 19-декабрына дайындалды. Анда СӨПнүн жаңы президенти шайланат. Талапкерлер үчүн арыздын формасы жана талаптар www.cci.kg расмий сайтында жеткиликтүү", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий