• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

КР Соода-өнөр жай палатасынын Россия жана Кытайда жаңы өкүлдөрү дайындалды

Коом 0

Бишкек, 25.09.24. /Кабар/. КР Соода-өнөр жай палатасынын Россиянын Москва шаарында, Татарстанда жана Кытайда жаңы өкүлдөрү дайындалды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев бүгүн Кытайдагы (Үрүмчү) жаңы өкүлү – Нурбек Атакановго сертификат тапшырды. Ал Россиянын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясын бүтүргөн, экономика илимдеринин кандидаты. Эмгек жолун Финансы министрлигинен баштап, андан кийин РОссия ишин уланткан.

Константин Куценко палатанын Москвадагы өкүлү болду. Москвадагы ишкердик жана укук институтунун Каракол шаарындагы филиалын юриспруденция адистиги боюнча бүтүргөн, ЕАЭБ алдындагы Евразиялык ассоциациянын ишкердик өз ара аракеттенүү боюнча комитетин жетектеген жана ишкердик менен алектенген.

Тимур Каримов КР Соода-өнөр жай палатасынын Татарстандагы өкүлү болуп дайындалды. Ал билими боюнча экономист жана көп жылдар бою бизнесте ийгиликтүү иштеген.

Темир Сариев жаңы өкүлдөрдүн ишине ийгиликтерди каалап, алар ишкерлерге ар тараптуу колдоо көрсөтүп, бизнес жүргүзүү жана соода алакасын түзүү маселелери боюнча кеп-кеңештерин берерине ишенерин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий