• 87
  • 90.41
  • 0.84

«КР сот адилеттиги тутумун 2023–2026-жылдары өнүктүрүүнүн» Мамлекеттик максаттуу программасы жөнүндө» жарлыктын долбоору талкууга коюлду

Коом 0

Бишкек, 01.11.22. /Кабар/. КР президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын, Кыргыз Республикасын 2040-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын ишке ашыруу максатында «Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги тутумун 2023–2026-жылдары өнүктүрүүнүн» Мамлекеттик максаттуу программасы жөнүндө» КР президентинин жарлыгынын долбоору иштелип чыккан.

Ушуга байланыштуу «Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги тутумун 2023–2026-жылдары өнүктүрүүнүн» Мамлекеттик максаттуу программасы адилеттүү жана натыйжалуу сот адилеттигин түзүүгө багыт алууда.

Максаттуу программаны иштеп чыгууга сот органдарынын өкүлдөрү да, юстиция органдарынын, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын, жарандык коомдун жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү да катышты.

Долбоор КР Судьялар кеңеши жана КР Жогорку соту тарабынан иштелип чыккан.

Сын-пикирлер жана сунуштар КР Судьялар кеңешинин төмөнкү почта жана электрондук даректерине: Бишкек ш., Табышалиев көч., 15, sovetkg@inbox.ru же Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин жооптуу катчысы К.Боронбаевге 0(557) 015500, 0(312) 313023 телефондору аркылуу жиберилсин.

Жарлыктын долбооруна маалымдама-негиздеме

ММП-3 долбоору

Пикир

Оставить комментарий